Улуттук адабият күнү
12-декабрь – Улуттук адабият күнү
Бүгүн, 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата 7-11-класстарынын арасында адабий кече өттү. Эскерте кетсек, 1928-жылы улуу кеменгер, философ, дүйнө жүзүнү өзүнүн чыгармалары менен таанылган Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген, ошондой эле 1950-жылы кыргыз эл акыны Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү. Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын токтому аркылуу 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп кабыл алынган.
Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты кыргыз маданиятын өркүндөтүү, өстүрүү, жаш муун арасында маданиятыбызды жайылтуу, улуу жазуучу менен акындын чыгармаларына кызыгууну арттыруу.
Комментарии